Бекболот Талгарбеков абактан чыкты
- 6 лет мурун
“Элдик парламент” кыймылынын башчысы Бекболот Талгарбеков абактан чыкканын анын уулу Арстан Талгарбеков кабарлады.
Талгарбеков кечээ, 7-мартта, кечинде шарттуу түрдө бошотулган. Аны бошотуу чечимин Аламүдүн райондук соту кабыл алган.
Бекболот Талгарбеков Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси, бийлик күч менен тартып алуу, 299-берене –улуттук кастыкты козутуу айыбы менен беш жылга кесилип, анын 4,5 жылын камакта отурган, жарым жылдык жазасын шарттуу түрдө өтөмөкчү.
Муну бөлүшүү