​Беш-Күңгөйдө айдоочунун 310 миң долларын карактап кетишти

  • 5 лет мурун

Бишкекке жакын жерде, Беш-Күңгөй айылында, белгисиз каракчылар айдоочунун 310 миң долларын карактап кетишти.

Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер баштармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 6-мартта, Аламүдүн ИИБине жол кырсыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ал маалымат боюнча Беш-Күңгөй айылында“ Субару-Форестер” машинасы “Тойота-Харриер” машинасын сүзүп, ичинен эки каракчы чыгып, “Тойота-Харриер” унаасын карактаган.

Айдоочунун 310 миң доллардан ашуун каражатын карактап кетишкен.

Машинада 53 жаштагы айдоочу С.Б. менен жубайы С.М. болгон.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жол кырсыгынан жабыркагандар ооруканага жеткирилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты