Чүй облусунда төрт киши инкассаторду тоноого шектелүүдө

  • 4 месяца мурун

Инкассатор болуп иштеген А.К. аттуу жаран Москва райондук ички иштер бөлүмүнө азия түспөлүндөгү кишилерге чара көрүүнү сурап кайрылган. Ага белгисиз кишилер бетине газ чачып, эки сумка акчасын алып кеткен.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.  

Арыз ээсинин айтымында, 18-октябрда болжол менен саат 04:30 чамасында Москва районунун Петровка айылынын Ак-Суу дайрасына бурулушунда, газ коюучу жайдын артында, беткап кийген белгисиз адамдар анын бетине калемпир газын чачып, эки сумкасын тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Бул факты катталып, кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин белгилери (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган С.Т., 1987-жылы туулган И.Н., 2000-жылы туулган У.М., 2002-жылы туулган Д.Ш. Алар кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин тартибине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Райондук сот алардын ар бири боюнча камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган.

Чүй облусунда төрт киши инкассаторду тоноого шектелүүдө

Сүрөттөр: Чүй облустук ИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты