Бишкекте сумкасында 4,5 млн рубли бар жаранга кол салып, карактаган чет элдиктер кармалды
- 1 месяц мурун
- Видео
31-октябрда Бишкекте тапанча менен куралданган экөө А.Э. аттуу жаранга кол салып, 4 млн 500 миң рубль акчасын карактап кеткен. Карактаган эки чет өлкөлүк кармалды.
Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, бул окуя Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында катталып, кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, каракчылыкка тиешеси бар адамдар аныкталып, алар чет өлкөлүк жарандар экени аныкталды.
Операциянын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында карактоого барган 1990-жылы туулган Д.Э. жана 1997-жылы туулган М.У. аттуу жарандар кармалган.
Алар Бишкекте ижарага алынган батирлерде жашагандары аныкталган. Экөө тең өз мекенинде кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөнү такталды. Кармалгандардан 3 млн 686миң рубль табылып алынды.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.
Баш сүрөт: Видеодон алынды
Сүрөттөр: ИИМ басма сөз кызматы