Беш-Күңгөйдө “Достук Арена” стадиону ачылды
- 2 недели мурун
- Фоторепортаж
Бүгүн, 26-апрелде, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылында «Достук Арена» футбол стадионунун ачылыш аземи болду. Ага президент Садыр Жапаров катышты.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ачылыш азем Кыргыз Республикасынын премьер-лигасынын 7-туру алкагындагы «Талант» – «Алга» футболдук клубдарынын беттеши менен уланды. Ага өлкө башчысы менен бирге Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев күбө болду.
Аталган стадионго караштуу аймактын жалпы аянты 2,26 гектарды түзөт. Заманбап талаптарга жооп берген стадиондун батыш жана чыгыш тараптарда жайгашкан трибуналар 2563 көрүүчүгө ылайыкталган. Ал эми чыгыш трибуналарынын алдында жайгашкан корпуста профессионал футбол оюнчуларга ылайыкталган жатакана жана тамактануу жайы, ижарага бериле турган коммерциялык бөлмөлөр жайгашты.






Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы