​Эл аралык террордук топ курамында Сирияда согушкан кыргызстандык кармалды

  • 5 лет мурун

Эл аралык террордук топ курамында Сирияда согушкан дагы бир кыргызстандык кармалды.

Улуттук Коопсуздук комитети Чек ара Кызматы менен бирдикте дагы бир терррордук топ курамында согушкан кыргызстандык жаранды 27-февралда кармады.

Ал тууралуу маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 6-мартта, жарыя кылды.

Чек арадан өтүп баратканда кармалган Ош облусунун тургуну Т.Н. 1993-жылы туулган.

Ал Сириянын террордук тобунун катарында болуп, диверсиялык-террордук даярдыктан өткөн. Сириянын өкмөтүнө каршы согушкан.

Эл аралык террордук уюмдун башчыларынын буйругу менен согуш талаасында согушкан. Кайра кайтып, КМШ өлкөлөрүнө отурукташып, террорчулардын буйругу менен аткара турган тапшырмасын күтүп жатмакчы болгон.

Бул кыргызстандык жаран камакка алынды. Сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты