«Коопсуз шаар»: ​Эреже бузган айдоочуларга айып пул билдирүү жөнөтүлө баштады

  • 5 лет мурун

Жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пул төлөө тууралуу билдирүү жөнөтүлө баштады.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Ыманалы Саркулов билдиргендей, «Коопсуз шаар» долбоорун киргизгенден тартып 12-февралдан 3-мартка чейин Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 19 миң жол эрежесин бузуу катталган.

Жол кыймылы жөнүндө мыйзамга жана Бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөр 2019-жылдын 4-мартынан тартып күчүнө кирди. Жол эрежеин бузгандар тууралуу билдирүүлөр айдоочуларга 4-марттан тартып жөнөтүлө баштайт.

Айып пулду 15 күн ичинде төлөгөн айдоочуларга 50% жеңилдик менен төлөө укугун берүү каралган.

Мындан тышкары Премьер-министрдин тапшырмасы менен унаа ээлеринин сунуштары талданды. Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте жол кыймылын оптималдаштыруу боюнча иштер жасалды.

Анын ичинде кошумча, ошондой эле кыймыл жыш кесилиштерде экинчи катардан бурулууга уруксат берген белгилер орнотулду, светофордун кошумча бөлүктөрү коюлду жана башка иш-чаралар аткарылды.

Өкмөт башчы белгилегендей, долбоор ишке киргизилген учурдан тартып, жолдордогу абал кыйла жакшырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты