​“Бишкек парктан чыккан кара түтүн балдарга залакасын тийгизип жатат”

  • 5 лет мурун

Жеке коопсуздугу үчүн атын атагысы келбеген окурманыбыз “Бишкек парктан” чыккан түтүн жанындагы №47 бала бакчадагы балдардын ден соолугуна залакасын тийгизип жатканын билдирди.

“Балдарыбыз жөтөлүп эле, кара какырык түкүрүп жатышат” дейт аталган бала бакчага барган баланын энеси:

“Жөтөлүп эле, кара какырык чыгып жатат. Бир ай мурун дагы өтүп баратып көрүп, бирок видеого тартканга жетишпей калгам. Мындай түтүн бир эле жерден чыкпайт. Мындан сырткары дагы эки түтүк бар экен. Андан майда түтүндөр чыгат. Күн жылып, балдар менен сыртта ойноп жатсак ушундай кара түтүн чыга баштады. Анан башка эки түтүктөн дагы аябай кара эмес, бир аз бозгуч түтүн чыгат экен. “Бишкек парктын” бала бакча тарабында бүт генераторлор жайгашкан. Күнү-түнү алар иштегенде, бала бакчадагы балдарга түтүн барат. Балдар эмес, чоң кишилер оозу-мурдубузду жаап өтөбүз. Бала бакча менен аралыгы болгону беш метр. Муну масштабдуу кылып көтөрбөсө, балдардын абалы кандай болот? Кайсыл учурларда мындай түтүн чыгаарын билбейбиз, балким белгилүү бир мезгилде чыгат”, — деди окурманыбыз.

“Бишкек парктын” адмнистрациясына байланышып, жагдайды түшүндурсөк, бул генераторлор экенин айтып, “Маселени карап чыгып, маалыматты толуктап билдиребиз” дешти.

​“Бишкек парктан чыккан кара түтүн балдарга залакасын тийгизип жатат”

​“Бишкек парктан чыккан кара түтүн балдарга залакасын тийгизип жатат”

​“Бишкек парктан чыккан кара түтүн балдарга залакасын тийгизип жатат”

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты