Кемин шаарындагы балдар бакчасы мамлекеттин менчигине кайтарылды
- 6 дней мурун
Чүй облусунун Кемин шаарындагы балдар бакчасы мамлекетке кайтарылды.
Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2004-жылы аталган объект райондук мамлекеттик администрация башчысынын мурдагы орун басары Ч.А.Т.нын жакын тууганы тарабынан жеке менчикке менчиктештирилген.
Көрүлгөн чаралардын негизинде “Жаштык” кичи району дарегинде жайгашкан 0,40 гектар аянтты ээлеген бала бакчанын аймагы мамлекеттин балансына кайтарылды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү