​Казакстан Кыргызстандан барчу картошка, алма, курмага чектөөнү алып салды

  • 5 лет мурун

28-февралда Астана шаарында КР вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Казакстан Премьер-министринин орун басары менен ветеринария, фитосанитария жана суу-энергетика чөйрөсүндөгү маселелер боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, айрым азыктарды чектөөнү алып салууга жетишилди. .

19-февралда киргизилген Казакстанга картошка, алма жана курманы ташууга убактылуу чектөө киргизүүнү алып салуу боюнча документке кол коюлду.

Мындан тышкары кыргыз-казак чек ара тилкесинде көзөмөлдү алып салуу жөнүндө маселе талкууланган.

Тараптар айланма Чүй-2 каналынын курулушу, ошондой эле Чүй дарыясынын бассейниндеги сууну эсептөөчү автоматташтыруу боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишишти.

Сапардын жүрүшүндө Казакстан Премьер-министри Аскар Мамин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган Кыргызстан делегациясын кабыл алды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты