Казакстан: Нааразычылык акциясына чыккандарды полиция алып кетти

  • 5 лет мурун

Казакстанда 27-февралдагы нааразылык акциясында «Назарбаев кетсин!» деп кыйкыргандарды полиция кармап кетти.

Казакстандын Астана шаарында президент Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда «Нур Отан» партиясынын съезди өтүп жатканда, ага жакын жердеги аянтка чогулган ондогон адамды полиция алып кеткен. Аталган окуяга күбө болгон “Азаттык” радиосунун кабарчыларынын айтымында, Астанада чогулгандардын колунда талаптар жазылган плакаттар болгон эмес.

Жогорудагыдай эле кармалгандар Алматы шаарында да болду. Алматыдагы «Нур Отан» партиясынын кеңсеси жайгашкан жерге чогулгандар бийликке жумушчу орундарын түзүү, элдин турмушун жакшыртуу талаптарын коюшкан.

Алматыга чогулгандар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн имараттын ичине кирип сүйлөшүү тууралуу сунуштарынан баш тартып жатышты.

Алар муну «бийлик дайыма ушинтип алдап, тил эмизип келе жатат» деп негиздешти. Чогулгандардын арасында «Назарбаев кетсин!» деп кыйкыргандар да болду.

Ал эми Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында «Азаттыктын» казак кызматынын журналисттери кармалды. Аларды полиция күч менен кармап, бир жарым сааттык жолдогу Актау шаарына алып кеткен. Полиция аларды үч сааттан кийин гана бошоткон.

Жаңы-Өзөндө да 9-февралдан бери элди жумуш орундары менен камсыз кылууну талап кылган нааразылык акциялары өтүп жатат.

Маңгыстау облустук прокуратурасы маалымдагандай, 23-25-февралда Жаңы-Өзөндө 16 адам «коомдук тартипти бузду» деген айып менен 5-7 суткага административдик жазага тартылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты