13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмү: Баланын апасы бийлик өкүлдөрүнө кайрылды

  • 3 месяца мурун

Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок 17 жашар бала унаа менен тротуардан коюп кетип, көз жумган 13 жашар Тимурдун апасы өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, күнөөлүү өз жазасын алуусун суранды. Анын айтымында, күнөөлүү тарап ишти жаап коюуга аракет кылууда.    

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы 18-октябрда болжол менен саат 21:30 да борбордогу Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочулук күбөлүгү жок 17 жаштагы бала төрт кишини коюп кетип, анын ичинен өспүрүм бала көз жумганын билдирген.

Lexus RX 330 унаасын айдаган, 1979-жылы туулган И.Д, Абдрахманов көчөсүнөн түндүктү карай бара жатып, Бөкөнбаев көчөсүнө кайрылган учурда, Toyota Camry унаасын башкарып келе жаткан, 2008-жылы туулган А.А, Абдрахманов көчөсүнөн кесилиште Lexus RX 330 унаасын коюп кеткен.  
Анын натыйжасында Toyota Camry тротуарга чыгып кетип, төрт кишини сүзгөн. Жол кырсыгында 18 жашар А.Т. аттуу өспүрүм окуя болгон жерден жан берген.

Кылмышка шектүү катары Toyota Camry унаасынын айдоочусу камакка алынган. Эки унаа тең айып аянтчасына токтотулуп, экспертиза дайындалган. Милиция бул кырсыкка айдоочулук күбөлүгү жок, ата-энесинин машинасын айдап чыккан жашы жете элек айдоочу шектүү экенин белгилеген.   

Кылмыш иши Бишкек шаардык милициясы тарабынан каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы окуя калыс иликтенип, күнөөлүүлөр жазасын албай койбосун эскертти.

Сүрөт: Бишкек ИИББ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты