№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу: Тазабек Икрамовдун ордуна талапкерлер арыз берүүдө
- 6 месяцев мурун
26-июлда Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (БШК) Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кылычбаев Алтынбектен талапкер болуу тууралуу арыз түштү.
Бул тууралуу БШК сайтында билдирди.
Алтынбек Кылычбаев 1977-жылы туулган. “Жалал-Абад” санаторийинин директорунун орун басары болуп иштейт.
№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 22- августунда аяктайт.
Президенттин 2024-жылдын 24-июлундагы жарлыгына ылайык, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22- сентябрына дайындалды.
19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгондугу айтылды.
Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген.
Тазабек Икрамов бийликтин туура эмес иш-аракеттерин парламент трибунасынан кескин сындап келген. Ал журналисттердин үйүн тинтүү, суракка алуу сөз эркиндигине, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизээрин билдирген.
Сүрөт: shailoo.gov.kg