10-июнда Бишкектин дагы бир районунда ичүүчү суу токтотулат
- 2 недели мурун
Эртең, 10-июнда, саат 09:00 дөн 22:00 гө чейин Бишкек шаарынын турак үй, мектеп, балдар бакчалары, саламаттык сактоо жана башка социалдык-чарбалык жана өнөр жай объекттеринде суу токтотулат.
Өчүрүү райондору: Байтик Баатыр – Лев Толстой – Жукеев-Пудовкин – Кулатов көчөлөрүндө болот.
Ичүүчү сууну өчүрүүнүн себеби суу түтүк түйүндөрүндөгү авариялык абалга байланыштуу экенин белгиленди.
«Бишкек суу канал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну камдап алууну суранат.

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөт: Бишкек мэриясы
Муну бөлүшүү