1-сентябрдан тартып жол жүрүү маданиятын сактабаган айдоочуларга айып салынат. Министр эскертти

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 1-сентябрдан тартып жол жүрүү маданиятын сактабаган айдоочуларга айып салынарын Фейсбук баракчасына жазды.  

«Жакында, 1-сентябрдан тартып, президенттин жарлыгынын негизинде — чоң трассаларда жол жүрүү маданиятын сактабаган айдоочуларга айып пул салынат. Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер мындай айдоочуларды аныктап калса, айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынат жана алар кайрадан экзамен тапшырууга милдеттендирилет. Ошондуктан, урматтуу айдоочулар, эгер шашпай бара жатсаңыз оң тилкеден айдаңыз. Сол тилке – ылдам жүргөндөр үчүн экенин биле жүрүңүз» деди министр Ниязбеков.

“Жолдо бара жаткандардын көпчүлүгүндө унаа башкаруу маданияты жок. Тилекке каршы, ошол себептерден улам көп кырсыктар болуп жатат. Мисалы, чет өлкөлөрдө трассаларда шашпай бара жаткандар оң тилке менен жүрүшөт, ылдам жүргөндөр сол тилке менен өтөт. Сол жак ар дайым бош болуп, ылдам жүрүүгө шарт түзүлөт. Бизде болсо тескерисинче. Көп айдоочулар сол тилкеге түшүп алып, жай айдап, башкаларга тоскоолдук жаратып, жол беришпейт. Жол жалгыз өзүнө таандык болгонсуп, ортого дагы түшүп алгандар бар. Натыйжада шашып бараткан айдоочулар аргасыз оң жактан ашып өтүүгө аракет кылып, кырсыкка кабылып жатышат».

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты