1-ноябрдан тартып электр энергиясын пландуу өчүрүү токтотулат

  • 2 года мурун

20-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында күз-кыш мезгилине даярдык боюнча Министрлер кабинетинин иши талкууга алынганда энергетика министри Доскул Бекмурзаев 1-ноябрдан тарта пландык өчүрүүлөр токтотуларын билдирди.

Республика боюнча 3 018,072 миң тонна кѳмүр даярдоо каралган. Анын ичинен бюджеттик мекемелерге — 242,333 миң тонна, калк үчүн – 1 125,739 миң тонна, Бишкек шаарынын ЖЭБине – 1 650,0 миң тонна көмүр камдоо керек. Ошондой эле республика боюнча 65,51 миң тонна отун мазутун алуу сунушу берилген.

Бирок, 2021-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча республика боюнча жалпысынан 430,648 миң тонна көмүр камдалган.

Депутаттар күз-кыш мезгилдерине карата көрүлгөн даярдыктын жүрүшүнө карата айрым маселелерге токтолушту.

Депутат Акыл Кемелов пландык өчүрүү деген жүйө менен жарык өчүрүлгөн учурлар көп катталып жатканы белгиледи.

Өз кезегинде энергетика министри Доскул Бекмурзаев 1-ноябрдан тарта пландык өчүрүүлөр токтотуларын билдирди.

Депутаттар күйүү-майлоочу каражаттардын да кымбаттап жатканын айтышты.   

Сүрөт: ЖК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты