Мамлекеттик органдар апрелден тарта электрондук документ жүгүртүүгө өтөт

  • 3 года мурун

2022-жылдын 1-мартынан тарта президенттин администрациясы кагаз түрүндөгү документтерди кабыл алууну токтотот. 1-апрелден баштап бардык мамлекеттик органдар толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарга автоматташтырылган маалыматтык системаларды ишке киргизүү маселеси боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.

Жыйындын региондор жана айыл өкмөттөр боюнча «Infodocs», «e-kyzmat», «Санарип аймагы» маалыматтык системаларды ишке киргизүүдө келип чыккан көйгөйлөр талкууланды.

«Эң төмөнкү көрсөткүчтөр Чүй облусунда байкалууда: 105 айыл өкмөтүнүн ичинен 31 айыл өкмөтү электрондук документ жүгүртүү системасына кошулган эмес. Мындай көрсөткүчтөргө жол берилбеш керек. 1-марттан тарта президенттин администрациясы кагаз түрүндөгү документтерди кабыл алууну токтотуп, 1-апрелден тарта бардык мамлекеттик органдар толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтөт», — деди Акылбек Жапаров.

2022-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнөн баштап, айыл өкмөттөрүнө чейин электрондук документ жүгүртүү жана калкка электрондук тейлөө көрсөтүү системасын билүүсүн текшерген аттестация жүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты