1-класска кирүү үчүн электрондук каттоо башталды

  • 1 год мурун

1-класска кирүү үчүн электрондук каттоо бүгүн, 10-апрелде, башталды.  

Электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этап – жашаган жерине карабастан (26-июндан 31-августка чейин).

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. https://mektep.edu.gov.kg/  порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл. Сиздин суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар.

10-апрелден тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 18:00гө чейин жарандарга кеңеш берүү үчүн 110 телефону иштей баштайт. Чалуу акысыз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты