1-июндан тартып ысык суу жана жылуулук баасы кымбаттайт
- 6 months мурун
Кыргызстанда 1-июндан тартып ысык суу жана жылуулук берүү баасы кымбаттайт.
Бул тууралуу энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаменти билдирди.
Департаменттин бул тууралуу буйругу 31-майда чыккан. Алар 2021-жылы кабыл алган өкмөттүн токтому бар экенин эскертти. Ага ылайык, 2021-жылдан 2025-жылга чейин тарифтер жыл сайын жогорулап турат. Өткөн жылы өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен баалар жогорулаган эмес.
Жылуулукка жаңы тарифтер төмөнкүчө:
Калк үчүн 1 248 сом (1 134,76 сом болчу);
Өнөр жай объектилерине, бюджеттик керектөөчүлөргө жана башка абоненттерге 2 052 сом (1802 сом болчу).
Ысык суу:
Калк үчүн эсептегичтер боюнча 72 сом (64,3 сом болчу);
Керектөө нормасы боюнча бир адамга 345 сом (309 сом болчу);
Өнөр жай объектилерине, бюджеттик керектөөчүлөргө жана башка абоненттерге 117 сом (103 сом болчу);
Сүрөт: Интернет булактарынан.