Бишкектин Чүй проспектисинде ысык суу убактылуу өчүрүлөт
- 1 месяц мурун
Бишкектин Чүй проспектисинде 11-августта саат 09:00дөн 12-августунда саат 18:00гө чейин ысык суу берүү убактылуу токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы Чүй проспектиндеги жылуулук тармагын реконструкциялоонун алкагында жылуулук тармактарын кайра кошуу жумуштары жүргүзүлөрүн маалымдады. Ысык суу берүү ага байланыштуу убактылуу өчүрүлөт.
Суу өчүрүү төмөнкү даректердеги абоненттерге тиешелүү болот:
— Чүй проспекти, 97 (мурунку Шабдан Баатыр көчөсү);
— Чүй проспекти, 99 (мурунку Шабдан Баатыр көчөсү), (Туризм академиясы, «Алыш» социалдык шаарчасы);
— Чүй проспекти, 99/1 (мурунку Шабдан Баатыр көчөсү);
— Чүй проспекти, 99/2 (мурунку Шабдан Баатыр көчөсү);
— Гражданская көчөсү, 43;
— Курманжан Датка көчөсү, 47;
— Курманжан Датка көчөсү, 136;
— Чүй проспекти, 105;
— Чүй проспекти, 107, 109 (№17 кесиптик лицей);
— Чүй проспекти, 26;
— Чүй көчөсү, 28 (Свердлов акимиаты);
— Чүй проспекти, 111, 113, 115, 115А, 117, 119;
— Чүй проспекти, 42, 44 (КРСУ);
— Гражданский көчөсү, 24 («Авента Строй» ЖЧКсы);
Гражданский көчөсү, 44 (бизнес-борбор).
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




