Бишкектин бир катар көчөлөрүндө эртең ысык суу убактылуу өчүрүлөт
- 2 месяца мурун
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагын кайра куруу алкагында жылуулук тармактарын кайра кошуу иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт. Ага байланыштуу эртең 26-августта саат 07:00дөн 20:00гө чейин ысык суу берүү убактылуу токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Суу өчүрүү төмөнкү даректердеги абоненттерге тиешелүү болот:
— Эркиндик бульвары, 63, 71, 73;
-Жумабек көчөсү, 123, 125, 129;
— Абдрахманов көчөсү, 214;
— Баетов көчөсү, 74, 75, 81, 85;
— Тыныстанов көчөсү, 138, 144.
«Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы тургундарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




