1-июндан тартып калк үчүн ысык суу жана жылуулук берүү баасы кымбаттайт

  • 2 месяца мурун

2024-жылдын 1-июнунун тартып калк үчүн ысык суунун жана жылуулук берүүнүн тарифтери кымбаттайт.   

Бул тууралуу энергетика министрлигинин сайтында маалымдалды.  

Энергетика министрлиги калк үчүн жылуулук энергиясын колдонууда ай сайын керектөөнүн социалдык ченеми менен төлөм жүргүзүлөрүн билдирет. Тактап айтканда, жалпы аянты 80 чарчы метрге чейинки батирде жашагандар 1 Гкал үчүн 1 560 сомдон төлөм жүргүзөт. Эгерде батирдин жалпы аянты 80 чарчы метрден ашса, ар бир чарчы метрге жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлиндеги тариф менен төлөнөт. 

Жылуулук энергиясынын өздүк наркы жылуулук менен камсыздоочу уюм тарабынан коюлган төлөө эсептеринде өзүнчө сап менен көрсөтүлөт.

Буга чейин калк ысык суу менен камсыздоодо 1 Гкал үчүн 1 120 сом төлөнүп келсе, өзгөртүүлөрдөн кийин 1 Гкал үчүн 1 560 сом төлөм жүргүзөт. Кымбаттоо 39,3 %ды түзмөкчү.

Жылытуу максатындагы жылуулук энергиясына тарифтер буга чейин 1 Гкал үчүн  айына 80 м2 чейин 1248 сом болсо, 2024-жылдын 1-июнунан кийин  1560 сом болмокчу. Кымбаттоо 25 % га жетет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты