Сузакта массалык уулануу болуп, андан 66 адам жабыркады
- 3 года мурун
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тургундар арасында массалык уулануу катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлик билдиргендей, уулануунун кесепетинен жабыркаган алгачкы бейтаптар 11-октябрда райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна кайрылышкан.
«Борборго жалпы 66 адам кайрылып, алардын алтоо ооруканага жаткырылды. Ооруканага жаткырылгандардын үчөө жаш балдар. Учурда бейтаптардын абалы канааттандыраарлык», — деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалыматтар боюнча, бейтаптар тойдо тартылган эттен ууланышкан.
«Үлгүлөр алынды, учурда изилдөө жүрүп жатат. Изилдөөнүн жыйынтыгына жараша маалымат берилет», — деп билдиришти ведомстводон.
Муну бөлүшүү