​Депутат Бердиев: Аткезчилик катары кармалган алтын концентратын Кытайга чыгарып кетишти

  • 3 года мурун

Аткезчилик жолу менен ташылып баратканда кылмыш иши козголгон алтын концентратын Кыргызстандан Кытайга алып чыгып кетишти.

Бул тууралуу 22-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев билдирди.

Бердиевдин айтымында, 17 фурага жүктөлгөн контрабандалык алтын концентраты «Эркечтамда» кармалып турган болчу, аны “Достук” өткөрмө бекети аркылуу ташып кетишкени белгилүү болду:

“21-сентябрда лицензиясын жаңылады деп “Эркечтам” эмес, “Достук” бажысы аркылуу кытайлар чыгарып кетиптир. Министрлердин, бажынын деңгээлиндеги коррупция токтобой жатат. Бажынын башчысы Самат Сатарович “Мен билбей калыпмын. Балдар чыгарып жибериптир. “Достуктан” чыгарып поездге жүктөп кетишиптир” деп айтты. Мындай боло берсе мамлекет оңолушу кыйын болот” деди Бердиев.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты