​Министрлер кабинетинин мүчөлөрү дайындалды

  • 5 лет мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесине ылайык, «Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык:

— Таалайбек Өмүралиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, коргоо министри болуп дайындалды;

— Руслан Казакбаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, тышкы иштер министри болуп дайындалды;

— Асел Чынбаева мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, юстиция министри болуп дайындалды;

— Алымкадыр Бейшеналиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды;

— Болотбек Купешев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды;

— Кайрат Иманалиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрт болуп дайындалды;

— Бообек Ажикеев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды;

— Улан Ниязбеков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, ички иштер министри болуп дайындалды;

— Гүлмира Абдралиева мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды;

— Кубанычбек Турдубаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды;

— Аскарбек Жаныбеков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, айыл чарба, токой жана суу чарба министри болуп дайындалды;

— Алмамбет Шыкмаматов инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министри болуп дайындалды;

— Динара Кутманова экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы болуп дайындалды;

— Камчыбек Ташиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты