​Кыргызстандын аялдар күрөшү боюнча курама командасы Олимпиада оюндарына жөнөп кетти

  • 3 года мурун

Бүгүн, 28-июлда, Кыргызстандын аялдар күрөшү боюнча курама командасы Токиого Олимпиада оюндарына жөнөп кетти.


Бул тууралуу маданият, маалымат жана спорт саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Оюндарга Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы катышат.

Команданы улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков, ошондой эле улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев коштоп кетти.

1-август күнү Айпери Медет кызы, 2- августта-Мээрим Жуманазарова, 3-августта Айсулуу Тыныбекова оюндарга чыгышат.

Токио шаарында жайкы Олимпиада оюндары өтүп жатат. Анда кыргызстандык 16 спортчу жолдомо алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты