​Казакстанда сот «Яндекс таксинин» ишине тыюу салды

  • 3 года мурун

Алматы шаарындагы райондор аралык экономикалык сот россиялык «Яндекс такси» кызматынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган чечим чыгарды.


Россиялык такси кызматынын үстүнөн патенттик укукту бузуп жатышат деп арыз жазышкандардын доосу канааттандырылып, Казакстан боюнча «Яндекс таксинин» гана ишмердүүлүгүнө эмес, буйрутма берүүчү «Яндекс Про» веб-сайтын жана мобилдик тиркемесин жаап, ишине бөгөт коюу чечими чыгарылды.

«Яндекси Go» соттун бул чечимине каршы арызданаарын, компаниянын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык аракеттерди көрөөрүн билдирген.

Азырынча «Яндекс» Казакстанда кадимкидей иштеп жатат.

Кыргызстандын рыногунда да 4 жылдан бери иштеп келе жаткан «Яндекс» такси кызматы Кыргызстандын бюджетине жарытарлык салык төкпөй, 1 миллиард сомдон ашык пайда табаарын ЖК депутаты Улукбек Ормонов айтып чыккан.

«Яндекс таксинин» россиялык жетекчилери Кыргызстандагы өнөктөш такси кызматындагылардан алчу үлүшүн 2 пайыздан 17 пайызга көтөрүп алганына нааразы болуп, кыргыз таксисттери бир нече ирет митингке чыгышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты