​«Яндекс такси» бир тыйын салык төлөбөй 1 млрд. сом пайда табууда

  • 3 года мурун

Кыргызстандын рыногунда 4 жылдан бери иштеп келе жаткан орусиялык «Яндекс» таксинин кызматын миңдеген жарандарыбыз колдонушат. Бирок алар мамлекетке бир тыйын салык төлөбөй келе жактанын ЖК депутаты Улукбек Оромнов айтып чыкты.

«Бишкекте бүгүн 5 миңден ашык адам ушул компанияда иштешет. «Яндекс» ар бир жүргүнчү төлөгөн акчанын 15 пайызын өзүнө алат. Шаар ичинде такси айдоочусу 100 сом тапса анын 16-17 сомун «Яндекс» алып коет. Күнүнө таксисттер 500 сомдон өйдө бул компанияга төлөп беришет. Бир жылга эсептесек 1 миллиард сомдон ашат экен» — деди.

«Яндекс такси» кызматы 2017-жылдын ноябрь айынан бери Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп, ыңгайлуу тиркеме жана арзан баалары менен кардарларды бат эле өзүнө тартып алган. Учурда кыргызстандык 36 такси кызматы «Яндекс» менен өнөктөш болуп иш алып барат. Алгачкы жылдары ар бир жүргүнчү төлөгөн 100 сомдун 2 пайызы же 2 сому «Яндекске», 3 пайызы жергиликтүү компанияларга түшчү. «Яндекс» акырындык менен төлөмдөрүн кымбаттатып отуруп, учурда 2 сомдун ордуна 16-17 сом алышат. Кыргызстандын өнөктөш такси компаниялары алган акча 3 сом бойдон калган. «Яндекстин» төлөмдөрдүн эч себепсиз кымбаттап жатканына нааразы болгон таксисттер ушул жылдын февраль айында митинге чыгып, «АнтиЯндекс» акциясын башташкан, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты