​Туруктуу коррупциялык схема түзгөн дагы бир бажы башчысы камакка алынды

  • 3 года мурун

УКМК Түштүк-батыш бажы кызматынын башчысы Нурбек Айтмаматовду 10 – июнь күнү камакка алган.


Аны «мыйзамсыз баюу» фактысы боюнча шектүү катары сот 2 айлык мөөнөткө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камоо чечимин кабыл алган.

«Н.Айтмаматов өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-батыш бажысындагы жүктөрдү туура эмес декларациялоо, товарларды «жалган транзиттөө» менен коштолгон коррупциялык схемаларды уюштургандыгы аныкталды.

Мунун натыжайсында ири өлчөмдөгү көмүскө киреше алып турган», — дейт УКМКнын маалымат кызматы.

Айтмаматов көмүскө пайдаларын мыйзамдаштыруу үчүн кымбат- баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, тактап айтканда, 4,5 млн долларга бааланган 30дан ашык элиталык батирлерди,1 млн долларга бааланган 10дон ашык автоунааларды сатып алган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты