​Орхан Инанды менен акыркы жолу Мелис Турганбаев жолуккан

  • 3 года мурун

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инандыны издөө иштери уланууда, бирок алгылыктуу эч кандай жыйынтык боло элек.


Орхан Инандынын жакындары жалдаган жактоочу Таалайкүл Токтакунова ал жоголоор күндөгү унаасынын сүрөттөрүн социалдык түйүндөргө жарыялап, андагы белгисиз адамды тааныгандар болсо кабарлашып коюууну суранган.

Ошондой эле Таалайкүл Токтакунова Орхан Инанды уурдалаар күнү акыркы жолу кофе ичүүчү жайда ИИМдин жана ЖАМКтын мурдагы башчысы генерал-майор Мелис Турганбаев менен жолукканын жар салды.

“Ошол күнү Орхан Инанды Мелис Турганбаев менен бир нече саат чогуу болгонун так билебиз. Турганбаев ошол күнү чет өлкөгө чыгып кеткен”, — дейт жактоочу.

Мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдапкеткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты