​Жогорку Кеңешке шайлоо 31–октябрда өтөт

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов парламенттик шайлоо ушул жылдын 31–октябрында өтөөрүн билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү мыйзам жакынкы күндөрү парламенттке киргизилет.

“Ал жакта абдан жакшы эки прогрессивдүү норма бар экен. Биринчиси, үй комитеттерин жана ТСЖ төрагаларынын шайлоо аракеттерине аралашуусуна тыюу салынат. Экинчиси, эгер чиновник шайлоо катышууну кааласа, шайлоо кампаниясы учурунда ал кызматын убактылуу тапшырбасатн, биротоло арыз жазып, кызматын тапшырып берет”, — дейт эл өкүлү.

Эсе сала кетсек, жаңы Конституция боюнча парламенттин 55 мандаты партиялык тизме менен, 35 мандаты бир мандаттуу округдардан шайланып келгендерге берилет.

Партиялар үчүн күрөө акысы 1 миллион сом, бир мандттуулар үчүн 100 миң сом өлчөмүндө белгиленген.

11 — апрелдеги жалпы элдик Референдумда кабыл алынып, 5 — майда ишке кирген жаңы Констицтуия боюнча Кыргызстан парламенттик — президенттик башкаруудан толук президенттик башкаруу формасына өткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты