​Кыргызстан Чоң-Алайдагы Унжу-Булак такталып жазылбаган участогуна байланыштуу расмий билдирүү таратты

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселеси боюнча атайын өкүлчүлүгү тажик тараптын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Унжу-Булак» участогуна байланыштуу маалыматы боюнча расмий билдирүү таратты.

-2002-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегациялары тарабынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен иш жүргүзүлүүдө, учурда аны жазуу процесси жыйынтыктала элек.

Буга байланыштуу «Унжу-Булак» участогу жазылгандыгы тууралуу билдирүү чындыкка дал келбейт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасы ортосунда аталган участокту жазуу тууралуу тийиштүү келишимге кол коюлган эмес, мунун өзү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын юридикалык жактан тариздөө жыйынтыктала электигин билдирет, натыйжада, аталган участокту Тажикстан Республикасы тарабынан макулдашуусуз ар кандай конструкцияларды жана контейнерлерди орнотуу аркылуу өздөштүрүү аракеттери коңшулук жана достук мамилелерге дал келбейт жана мындан ары чек арага чектеш аймактардагы абалдын курчушуна алып келиши мүмкүн.

4 — июнга караган түнү Тажикстан Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасынын Унжу-Булак аймагына контейнер орнотуп, аскердик техникаларын тарткан.

Кыргыз Республикасынын Абадан коргонуу күчтөрүнө таандык МИ-8 учагы Алай районунда кулады. Учактын ичинде 15 адам болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, азырынча 4 адам табылып, аларга алгачкы медицининалык жардам көрсөтүлгөн. Учак кыргыз-тажик чек арасына учуп бараткан.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты