​Депутаттар Чоң-Алайдагы чек ара боюнча маалымат талап кылышты

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу Министрлер кабинетинен маалымат берүүнү талап кылышты.


“Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тарап окоп казып, отуруп атат деп кооптонуп телефон чалып жатышат. Азыр Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду, Чек ара кызматынын башчысын чакырып маалымат укпайлыбы”, — деди депутат Аккулу Бердиев.

Депутат Бурун Аманова да чек ара кызматынын маалымат берүүсүн талап кылды.

Чек ара кызматы Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу кийинчерээк маалымат бериле тургандыгын билдирди.

28-29-30-апрелде жана 1-майда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты