​Дүйнөлүк банк электр энергиясына болгон баанын кымбатташын кубаттоодо

  • 3 года мурун

Дүйнөлүк Банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук өлкөбүздүн энергетика тарамагы пайда берүүнүн ордуна, экономикабызды эңшерип жатканын айтты.


«Кыргызстанда электр энергиясын экспорттоо боюнча зор потенциал бар, бирок аны ишке ашыруу үчүн бул тармак бекем болуп, киреше алып келиши керек.

Азыр Кыргызстандын энергетика тармагы «катуу ооруп» турат. Киреше берүүнүн ордуна бюджеттик каражаттарды жеп салып жатат. Кыргызстандын тышкы карызынын 40 пайызы энергетика тармагы үчүн алынган.

Мындай кырдаалда тарифтердин көтөрүлүшү бул тармакка инвестицияларды жана каражаттарды тартуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Бул бизнести өркүндөтүүгө оң таасирин тийгизет», — деди ал.

Ошондой эле Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде дагы Президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда электр энергиясына болгон тарифтерди кымбаттаттуу чечимин колдой тургандыгын билдирген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты