​Өмүрбек Суваналиев Баткен облусунун жетекчилигинен кетти

  • 3 года мурун

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кызматтан кетти.


Бул маалыматты Суваналиев өзү «Азаттыкка» ырастап, бул чечим Бишкектен кабыл алынганын айтты.

«Башка жумушка өткөнүнө байланыштуу деп чечимди чыгарышыптыр. Макул дедим. Мен бүгүн эле уктум», — деди Суваналиев.

Ал кайсы кызматка өтөөрүн билбей турганын, соңку кызматында туруктуу иштөө үчүн Баткенге үй-бүлөсү менен көчүп келгенин кошумчалады.

Кыргыз-тажик жаңжалы 28-апрель күнү Тажикстандын жарандары Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына видео көзөмөл камераларын орнотуп баштагандан тутанган.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жаракат алды.

Сүрөт: Интернет булакттарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты