ИИМ: Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу

  • 3 года мурун

2-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу.


Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Чек арага жакын айылдардагы коопсуздук абалы толугу менен көзөмөлдө. Азыркы мезгилде чек арага чектеш аймактарда абал тынч. Түнкүсүн ок атышуулар жана башка окуялар катталган жок.

Милиция кызматкерлери тарабынан блок посттор коюлуп, чек арага чектеш аймактардагы жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Жака-Өрүк участкасы аркылуу өтүүчү Ош-Исфана автожолу катуу көзөмөлгө алынган.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан жарат алгандар-173, каза тапкандардын саны 34 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы каза болгон адам Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 24 жаштагы Азазбек Бактияров экенин билдирди.

1-майда саат 18:30га карата маалыматта айтылгандай, жаракат алган 173 адамдын 31и аскерлер, бирөө медициналык кызматкер жана 131и жөнөкөй тургундар. Калган 10 киши тууралуу маалымат такталып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты