​Садыр Жапаров электр энергиясын 74 тыйындан 1 сом 48 тыйынга чейин сатуу сунушун айтты

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров өзүнүн «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу Кыргызстандын энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү атап, электр энергиясына болгон жаңы баа саясатын сунуштады.

«Турмушу начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бааны 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салалы. Учурда аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар. Бул социалдык жактан камсыз кылуу мекемесинен алынган маалымат. Тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондорго 1 сом 04 тыйындан берип, чектөөнү таптакыр алып салалы деген сунуштар бар. Ал эми, жашоо-турмушу жакшы үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат. Чектөө алынат. Бирок, суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кышкы мезгилдерде 1000 Квт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электрэнергиянын өздүк наркы. Кудай буюрса, сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Азыркы тапта суунун көлөмү жогорулай баштады. Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз» — дейт Садыр Жапаров.

Фото Султан Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты