​Кубанычбек Жумалиев өз ыктыяры менен мамлекетке 1 млрд сом төгүп берди. Эми үй камагына чыгарылат

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев мамлекетке 1 млрд сом төгүп берди. Эми анын бөгөт чарасы өзгөртүлдү.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети Биринчи май райондук сотуна Кубанычбек Жумалиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч келтирди.

«Биз аны жоопко тартуу жана камакка алуу чарасын тандоо үчүн жетиштүү далилдерди алдык. Кубанычбек Жумалиев өз ыктыяры менен жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашкан коммерциялык актив жана кыймылсыз мүлктөрдү мамлекетке өткөрүп берди. Жумалиевдин курагын жана ден-соолугунун абалын эске алып, эч кайда кетпөө кепилдиги менен бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча Биринчи май райондук сотуна бтүнүч келтирди» деп билдирди УКМК басма сөз кызматы.

Кубанычбек Жумалиевге жазык кодексинин 319-беренеси, коррупция, менен кылмыш иши козголгон.

УКМКнын маалыматына караганда, эл аралык медициналык университетке лицензия берүүдө Жумалиев менен билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги катышкан туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Мындан тышкары, маалыматта Жумалиевге байланыштуу адамдар кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштырганы, салык төлөөдөн баш тартып, мыйзамсыз байыганы боюнча фактылар аныкталганы айтылат.

Атайын кызмат 78ге жакын кыймылсыз мүлк объекттери табылганын кошумчалады. Мурда Жумалиев менчиктештирип кийин анын туугандарына жана байланышы бар адамдарга өтүп кеткен «Таатан», «Гоин» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кендер, темир жана болот заводу, телерадиокомпания аныкталды

Буга чейин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызмат Кубанычбек Жумалиевге жана башка адамдарга карата чет өлкөлүк инвестордун арызы боюнча ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштагандыгы маалымдалган.

Депутат буга чейин коюлган дооматты четке кагып келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты