​Коронавируска каршы 600 дөн ашуун киши эмдөөдөн өттү

  • 3 года мурун

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча 6-апрелге, саат 8:00 гө, карата бир суткада 133 киши эмделди. Республика боюнча эмдөөдөн өткөндөрдүн жалпы саны 644 кишиге жетти.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 214;

Ош шаарында – 258;

Чүй облусунда – 109;

Ысык-Көл облусунда – 43;

Ош облусунда – 20.

29-мартта Кыргызстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө башталган. Биринчилерден болуп саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өткөн.

Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, «Тез жардамда» иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Бул үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Бул вакцина менен азыркыга чейин 65 өлкөдө 12 миллион адам эмдөөдөн өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты