Ташиев: Кыргыз-өзбек чек арасында талаштуу жер калган жок. 100% чечилди

Баяндар

Кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен чек ара тууралуу Ташкентте жетишилген маселе тууралуу пресс-конференцияда билдирди.

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев буларга токтолду:

- Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен ( Орто-Токой суу сактагычы бизде калды) бирок суу сактагычтын үстүндө суу турат, ал суунун 95%ын өзбектер колдонот. Орто-Токой суу сактагычынын территориясы 800 гектардын тегерегинде, анын 200 гектарга жакынын ушуга чейин бизге компенсация кылып берген, азыркы күндө 600 гектарга жетпеген, 500 канча гектер калган. Биз тарапка мурда талаштуу болуп жүргөн жерлер, протоколго кол койгондон кийин кыргыз-эзбек чек арасында эч кандай талаштуу жер калган жок, баары бүттү.

Ошонун эсебинен биз тарапка, Кыргызстанга, Көк-Серек айылы, 106 гектар жер, Баястан участогу--Ала-Бука районунда, 212 гектар жер, Ак-Таш участогунда 100 гектар жер бизге жазылды, бул Кара-Суу районунда, Унгар-Тоодо 35 гектар бизге жазылды, Унгар-Тоо толук бойдон бизге жазылды, Кара-Белес участогунда 25 гектар жер бизге жазылды. Бул кайра жазуу мурда Өзбекстанга өтүп кеткен, биз эми кайра алдык.

Ошентип, бул участоктор Орто-Токой участкасынын эсебинен бизге өттү.

Эми Гавасай участогу, бул Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Наманган облусунун чектешкен жеринде Жеңил сүйлөшүүлөр эч качан болбойт, эки күндүк талаш-тартыш, өйдө-ылдыйдан кийин ушул жерден бизге 8000 гектар жер жазылды. Бул жерде 5-6 айыл бар, кыргыздардын айылы жана кыргыздардын айылынын жайлоолору бар, ушул Гавасайда бир нече жолу ок атылып, бир нече жолу ызы-чуу болгон. Эми ошол жер толугу менен, Кыргызстанга жазыла турган болду. Эми анданй конфликт болбойт.

Шахрихан-Сайдан, плотинанын баш жагынан биз 50 гектар жерди бердик, бирок ошол эле 50 гектар жерди биз кайра Өзгөндүн баш жагынан ала турган болдук, жер менен алмаштык. Ал жерлер эгин эге турган жерлер эмес, жайытка окшогон, кайрак жерлер.

Ал эми мен башында айтып өткөн Көк-Серек, Баястан, Ак-Таш -булар эгин эгилип жүргөн, биздин элдин үлүш жерлери өтүп кеткен.

Суроо: - Камчыбек мырза, беш пайыз деп мактанып жүргөн жерде көптөн бери тирешүүнү жаратып келген Сох анклавынын, ошол эле учурда Кемпир-Абад, ошол эле Анжыян суу сактагычындагы, сиз айтып өткөн Галасайдагы жер да бар болчу, ушул айтып өткөн жерлер боюнча кандай болуп чечилди?

Камчыбек Ташиев: --Мен жогоруда айтып өттүм, талаштуу жерлер боюнча 100 % маселе чечилди. (журналистке: Мени угуп туруңуз, -эгер уккуңуз келбесе, чыгып кетиңиз деди Ташиев).

Эми кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу жерлер 100 % чечилди, талаштуу жерлер болбойт, эми кыргыз тарабы жана өзбек тарабы гана болот. Мурдагы талаштуу жерлерде кагылышуу, жаңжал болбойт.

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча айтып коеюн. Кемпир-Абад суу сактагычынын территориясы болгону 5735 гектар болчу. (Бул болжол менен, адашып калышым мүмкүн). Ошону 908ге караганда, 5737 гектарды ээлейт эле, эми 5737 гектардын, суу толгондо ошончо болмок, эми 908 деген горизонталга жеткенде, 900 менен жаздык, суунун территориясы кыскарды, ошол жерден 1300 гектар жер Кыргызстанга өттү, 4400 гектар жер суунун үстүндө калды. Бирок өзбек тарап бизге ушуга чейин 1973-жылы компенсация катары 4100 гектар жерди берген, демек, 300 гектар жерди дагы компенсация катары бериши керек. Бирок ошол 300 гектар жердин ордуна компенсация катары 1000 гектар жерди алдык, Өзгөн, Сузак райондорунун жерлерин. Бул биздин жүргүзгөн саясий жолугушуулардын негизинде болду.

Эми элге керектүү маалымат, эгерде мурда Кемпир-Абаддын чөйчөгү толуп, жээкке уруп, жээктердеги үйлөрдү суу тээп, үйлөрдөн, огороддордон суу чыгып кетип, ушундай маселелер болуп жаткан болсо, эми андай болбойт. Себеби мурда ал 908 менен каралчу эле. Азыр 900 менен каралат. Эми мындан ары суу жээкке чейин чыкпайт, 900 дөн көтөрүлбөйт. Жээктен 2 км, эми муну такташат, ич жакка кирди, Мындан ары Жаңы-Арык, Правда, Кароол айылдарын суу теппей калат.

Бирок дагы бир жолу айтайын, ошол эле мезгиде Өзбекстан тараптан сууга биздин кыргыз жарандары мүмкүнчүлүк алат, кирет, сууну пайдаланат, малын сугарат, ал жерден суу алса, балык тутса болот, алар өз тарабынан мурдагыдай аскерлештирилген күзөт катерлерди жүргүзбөйт. Муну эки мамлекеттин ортосундагы келишим менен чечебиз.

Алар суунун жээгине тосмо койбойт, Кыргызстанга сууга мүмкүндүк (доступ) болот, бул тараптар арасында макулдашуу боюнча чечилет.

Кечээ Ташкентте жетишилген протокол кыргыз делегациясы тарабынан иштелип чыгып, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан каралат, андан кийин келишимге айланып, Жогорку Кеңеште ратификацияланат.

Бул протокол жашыруун эмес. Жеңилген жана жеңген тарап болбойт, биз эки тараптуу келишимге келдик. Бул биздин Президенттердин сапарларында жетишилген. Муну өкмөттүк делегация иштеп чыкты.

Мурда бизге чейин, эл колдонгон кээ бир участоктор ошо тарапка өтүп кетен, мисалы Араван районунда Керкидон суу сактагычынын жанында 31 гектар жер, Кадамжай районунда 15 гектар жер, эл жашаган жер, Берез айылы, Аксы районунда, жайлоого кеткен жол.

Ушулардын баарында демаркация убагында кайрадан каралып, эми мындан ары жерди берүү деген болбойт, эми алмашуу деген гана болот. Эгер Араван районуна алар бизге 31 гектар жерди берсе, биз дагы бир жерден 31 гектар жерди беришибиз керек,- деди Камчыбек Ташиев пресс-конференцияда.