​Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев жолугушту

  • 3 года мурун

Бүгүн, 11-мартта, Ташкент шаарынын «Куксарой» резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Резиденциянын алдындагы аянтка Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик туулары илинди. Эки өлкөнүн гимндери жаңыргандан кийин мамлекет башчылары Ардактуу кароол ротасынын тизилген жоокерлерин бойлоп басып өтүштү.

Андан ары Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты. Андан соң Ардактуу кароол ротасы аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу марш менен өттү.

Расмий жолугушуу аземинин жыйынтыгында Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев чакан форматта жолугушту.

Бүгүн, 11-мартта, Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга иш сапары менен барды. Анын сапары 12-мартка чейин уланат.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты