​Баш прокуратура блогер Элмир Сыдыманды айыптоодон баш тартты

  • 3 года мурун

2021-жылы 10-мартта соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу Элмир Сыдымановго жазык кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде мамлекеттик айыптоодон баш тартты.

Бул тууралуу башкы прокуратура билдирди.

Соттук отурумда жактоочу тарабынан соттук-лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчү келтирилип, аталган өтүнүч мамлекеттик айыптоочу тарабынан колдоого алынган.

Соттук-лингвистикалык экспертиза корутундусуна ылайык, Э.Сыдымановдун аракетинде региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер аныкталган эмес.

Элмир Сыдыманов 2020-жылдын 4-февралында социалдык тармактагы “Sydyman” аттуу “Instagram” баракчасында ыплас сөздөрдү колдонуп, аймактар арасындагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган сөздөрдү айткангы боюнча айыпталган.

Элмир Сыдыман Инстаграмм баракчасына түштүк аймактар өнүкпөгөнүн жазып, аймактар аралык кастыкты козуткан деп айыпталган. Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын пресс кызматы тараткан маалыматта этникалык, расалык, улуттук, диний жана регион аралык кастыкты козутуу беренесине байланыштуу шек менен 23 жаштагы Элмир Сыдыман 18-февралда камалган. 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты