​Райымбек Матраимов ооруканага жаткырылды

  • 3 года мурун

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун ооруканага жаткырылганын бир катар ЖМК жазды.

22-февралда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү Матраимов жаткан УКМКнын убактылуу кармоочу жайына кирип, ден соолугу менен таанышкан. Матраимовдун кан басымы жогорулап кеткени айтылып, убактылуу кармоочу жайдын дарыгерлери биринчи жардам берип жатканы маалым болгон.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин экинчи жолу кармалган. Ал кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айыпталууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты