Жаңы Конституция Президентке жаңы укуктарды берди

Конституциялык кеңешме даярдаган Конституциянын жаңы долбоору 9-февраль күнү Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылды. ПолитКлиника медиасы жаңы конституциялык долбоордо Президентке берилген ыйгарым укуктарды карап көрдү.

Конституциянын үчүнчү бөлүмү мамлекеттик бийлик органдарына арналган. Анын 1-главасы КРнын Президенти жөнүндө. 9-берененин негизинде Президенттин ыйгарым укуктары өлкөдө жайылтылат.

Жаңы Конституциялык долбоор

2016-жылдагы Конституция

Президент мамлекет башчысы жана ал аткаруу бийлигин жетектейт

Президент мамлекет башчысы. Аткаруу бийлигин Премьер-министр жетектейт.

Мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт

Сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Премьер-министр менен макулдашуу боюнча эл аралык келишимдерге кол коет

5 жылдык мөөнөткө шайланат.

6 жылга шайланат

Президент болчу адам 35 жашка толгон жана 15 жылдан кем эмес өлкө аймагында жашоосу керек

Ушундай эле тартипте

Президент кызматка киришерде ант берет

Ушундай эле тартипте

Президент болуп турган кезинде өзүнүн саясий партияга мүчөлүгүн токтотот

Ушундай эле тартипте

10-январда өткөн референдумда Президенттик башкаруу формасы кабыл алынган. Ага ылайык президенттин да ыйгарым укуктары кеңейтилет. Жаңы Конгституциялык долбоордун 70-беренесинде Президенттин ишмердүүлүгүндө берилген укуктар көрсөтүлгөн.

Жаңы Конституциялык долбоор

2016-жылдагы Конституция

Президент Министрлер кабинетинин түзүмүн аныктайт

Жогорку Кеңеш Өкмөттүн программасын түзүмүн жана курамын аныктайт

Жогорку Кеңештин же Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен аларды кызматтан алат

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алат

Жергиликтүү мамлекеттик админстрациялардын башчыларын дайындайт жана кызматтан бошотот

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары мыйзамда белгиленген тартипте шайланат

Коопсуздук кеңешин түзөт, аны жетектейт

Коопсуздук кеңешин жетектейт

Президенттин Админстрациясын аныктайт

Көрсөтүлгөн эмес

Президент өз демилгеси менен референдум дайындоо чечимин кабыл ала алат

Президентте мындай укук жок

Жылына бир жолу Жогорку Кеңештин жана Элдик Курултайдын алдында кайрылуу жасайт. Жогорку Кеңешке жыл сайын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берет.

Президентте мындай укук жок

Окшош укуктар

Жаңы жазылган Конституцияда мурунку баш мыйзамдардын айрым беренелери өзгөртүлбөй көчүрүлүп келинген. Окшош ыйгарым укуктар:

  • Президент мыйзамдарга кол коет же кайтарып берет.
  • Зарыл учурда Президент ЖКны кезексиз жыйынга чакыра алат.
  • Президент сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин сунушу менен Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын ЖКга сунуштайт, ошол эле тартипте кызматтан алат.
  • Өлкө башчы ЖКнын макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт.
  • Улуттук Банктын төрагалына талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет.
  • Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын курамынын жарымын кызматка дайындоо жана бошотуу сунушун Жогорку Кеңешке киргизет.
  • Эсептөө палатасынын төрагасын дайындайт, кызматтан бошотот.
  • Президент КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат.
  • Өлкө башчысы зарыл болгондо айрым жерлерде алдын-ала жарыялабай туруп өзгөчө абалды киргизет.
  • Президенттин жарлыктары жана буйруктары республиканын бардык аймактарына таралат.

Эч нерсеге жооп бербеген куу президент

Депутат Дастан Бекешев Конституцуиянын жаңы долбоору боюнча оюн өзүнүн Facebook баракчасында калтырган. Бекешев жаңы Конституциянын долбоорунда президент ыйгарым укукка ээ экендигин, бирок өз милдеттерин аткарбаганы үчүн жоопкерчилик тартылбай тургандыгын баса белгиледи.

“Президент аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат, жеке жоопкерчиликти тартат, бирок ошол эле учурда бюджеттин аткарылышы жөнүндө канааттандырарлык эмес отчет берилген учурда, министрлер кабинетинин төрагасы жооп берет. Эч нерсеге жооп бербеген куу президент”, — деп белгилейт Бекешев.

Президент эми ачыкка чыкты

Юрист Анвар Курмушиев буга чейин деле Президент күчтүү болгонун айтты: “Азыркы биз колдонуп жаткан Конституцияда президенттин ыйгарым укуктары азыраак, ЖКныкы көбүрөөк. Бирок биздин депутаттардын, саясатчылардын аң сезиминде президент менен кеңешүү, анын чечимин, оюн угуу калыптанып калган. Формалдуу эмес болсо да кеңешип иш кылышат. Президент бир нерсе сураса, колдоп чыгарып беришет. Президентти монарх кылып, бүт ыйгарым укуктарын алып койсо деле, баары бир көзүн карайт. Себеби саясатчылардын көбүнесе эрки жок, билими, тажрыйбасы жетпейт. Бул Акаевден бери келатат”,- деп айтты.

Ошондой эле Курмушиев бир адамга жоопкерчилик жүктөлгөнү туура болгонун айтып, маанилүү маселелер Жогорку Кеңештин макулдугу менен чечилерине токтолду: “Буга чейин Президент иштин баарын жасап, жоопкерчилик албай жүргөн. Эми жоопкерчиликке байланып жатат. Эми Өкмөттү жамандай албайт. Буга чейин официалдуу эмес түрдө деле башкарып келген. Мурун деле аким, губернаторлорду Ак Үйдү тегеренип чыкмайынча коюлчу эмес.”,- деди.

Эскерте кетсек Жогорку Кеңештин сайтына коюлган Конституциянын жаңы долбоору 9-мартка чейин коомдук талкууда турат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты