Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Кыргызстандын караңгы шахталары жыл сайын ондогон адамдын өмүрүн алып кетет. «Биз ак эмек менен нан таап жатабыз!» деген шахтерлор мүнөт сайын өз өмүрлөрүн тобокелдикке салып иштеп келишет. Биз бул жолу «Эгемендүү кыргызстандыктардын үмүтү жана таарынычы» аттуу фотодолбоордо караңгы шахталарда нан тапкан шахтерлордун бир күндүк жашоосу тууралуу айтып беребиз.

«Бата менен кирип, шүгүр менен чыккан жер»

«Нур» шахтасы Сүлүктү шаарындагы көмүр казган 30дан ашуун шахтанын бири. Бул жерде, жер алдында иштеп, үй-бүлөсүн баккан 50гө жакын адам иштейт.

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Шаардан 15 чакырымдай алыста жайгашкан бул шахтага, жумушчулар эртең менен саат 8:00дө келишет. Аларды компаниянын автобусу алып келип таштайт. Шахтерлор келери менен кийимдерин которуп 200 метр тереңдиктеги шахтага кирүүгө камынышат.

Кызыгы, шахтерлор кирип баратканда сөзсүз алакан жайып «Аман-эсен чыгалы, кудайым өзүң сактай көр!» деп бата кылып киришет. Анткени, алдыдагы беш мүнөттө эмне болуп кетерин эч ким билбейт.

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

«Шахтага саякат»

Мурда шахтага кирип көрбөгөн адамга, эң биринчи мүнөттөр аябай коркунучтуу сезилет. Анткени, учу кыйыры билинбеген караңгы лабиринт жана тик жайгашкан тепкичтер адамда кайра чыкпай калчудай сезим жаратат.

Бирок көп жылдан бери иштеген шахтерлор үчүн бул күн сайын кайталануучу көрүнүш болгондуктан, мындай ойлорду көп деле ойлой беришпейт.

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Шахтанын ичи караңгы. Айлананы жарык кылган бирин-серин лампочкалар гана болбосо, жарыктын негизги булагы каскадагы фонариктер. Шахтанын ичинде баратып, чаң аралашкан ысык аба даана сезилет. Дал ушул жерде, шахтерлор 12 саат бою сыртка чыкпай иштешет.

«Жер астындагы жумуш»

Эртең менен, күн уясынан жаңы чыга баштаган учурда шахтерлор жер астында кызуу иштеп жаткан болот. Бул убакта, Абдирасил Кошбаков баштаган шахтерлордун баары көмүр казып аны сыртка чыгармай менен алек болушат.

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)
Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Негизи, шахтада иштегендердин дээрлик баары Сүлүктү шаарынын тургундары. 15 жылдан бери шахтер болуп жүргөн Абдирасил Кошбаков да ушул шаарда төрөлүп, Советтер Союзу тарагандан кийин Бишкекке кеткен. Борбордо айдоочу болуп 10 жыл иштегенден кийин, кайра туулуп өскөн жерге келип, ал-кубаты бар кезде шахтада иштей берүүнү чечкен:

«Бир уул бир кызым бар. Экөө тең университетти аяктап турмуш кургандан кийин, бул жакка келе бердик. Союз таркаганга чейин шахталарда иштеп жүргөндүктөн, кайра келип эле бул жакка жумушка кирдим. Шаарда башка жумуш деле жок. Алган пенсиям жубайым экөөбүзгө жетпейт да. 2700 сом менен чыкканмын пенсияга. Кыргызстан боюнча эң аз пенсия шахтерлордуку болсо керек.»

Абдирасил Кошбаков азыр 55 жашта. Бирок, жумуш убагында жаштардан кем калышпай иштейт.

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Караңгы шахтанын ичи жумуш убагында казылып жаткан көмүрдүн үнүнөн башка, жаштардын тамашасына толот. Бул жерде Абдирасил сыяктуу көп жылдан бери иштеген шахтерлор жана жаштар иштейт. Алардын бири Орозбек.

«Балдарымды шахтага ыраа көрбөйм…»

Орозбек Кызыл-Кыядагы тоо-кен техникалык колледжин аяктаган. Окуусун бүтөрү менен шахтага жумушка кирип, 2009-жылдан бери бул тармакта иштейт.

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Анын айтымында, Сүлүктүдө мал чарбачылыгына жана дыйканчылыкка ылайыктуу жерлер аз болгондуктан тургундарга шахтада иштегенге туура келет.

«7 жылдан бери «Нур» шахтасында тоо инженери болуп иштеп келе жатам. 2 балам бар. Ал эми жубайым, поликлиникада медайым болуп иштейт. Шахтадан тапкан каражатым үй-бүлөбүзгө кеңири жетет. Бирок, балдарымын окуусу үчүн кийин кыйналып каламбы деп ойлойм. Өзүңөр билгендей азыр университеттердин контрагы 50 миңге чейин чыгып кетти. Балдарымын келечеги үчүн, аларды окутуп жакшы шарттарды түзүп бергим келет. Шахтада иштегендердин көбү эле балдарынын шахтер болушун каалабайт. Анткени, жумуш оор, кээде кооптуу.»

Орозбек өзү шайыр-шатман жигит. Биздин суроолорубузга жооп бергиси келбеген кесиптештерине да «Эмнеден уяласың? Ак мээнеттин уяты жок» деп айтып жатты.

Орозбек иш үстүндө бизге шахтадагы жумуш тууралуу айтып берип, Кыргызстандын келечеги кең экенине ишенерин жалгыз өкүнгөнү завод жана фабрикалар талкаланбай иштеп турганда, мигранттардын саны аз болмок беле деп ойлонорун айтат:

«Буйруса, Кыргызстандын келечеги кең деп үмүт кылам. Жалгыз гана мурда заводдорду талкалабай, иштетип калганыбызда балким мигранттар азыраак болот беле деп ойлойм. Азыр көпчүлүгү Россия, Кытай, Түркия сыяктуу мамлекеттерге мигрант болуп кетип жатышпайбы. Өзүбүздө өндүрүш болгондо, бул көрүнүш азыраак болмок беле..»

Бул учурда шахтанын ичинде жумуш кызуу жүрүп жатты.

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)
Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Көмүрдү тынбай казган шаймандардын үнү шахтанын ичин жаңыртып, шахтерлор күрүлдөгөн заводдой тер агыза иштеп жатышты.

Бул учурда, шахтанын ичи мештегидей ысып баштайт. Абаны алмаштырып туруу дээрлик мүмкүн болбогондуктан, сырттан таза абаны киргизип туруу үчүн атайын түтүк коюлган. Бирок түтүк да, шахтанын ичинде пайда болгон чаңды сыртка айдап чыга албаган сыктуу.

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)
Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Чексиздей сезилген шахтанын лабиринттеринде телефон тартпайт. Негизи бул жакка электрондук каржаттарды алып кирүүгө, ышкырууга жана ырдаганга болбойт. Анткени, бул шахтаны аварияга учуратып, көмүр кулап кетиши мүмкүн. Инженерлердин айтымында, адамдын үстүнө көмүр түшүп кете турган болсо, сөөктү жабыркатып, зыяны көп жылдарга чейин кетпейт. Ошондуктан шахтерлор коопсуздук эрежелерин так сактаганга аракет кылышат. Ал эми, шахтанын ичинде, авариялык жагдайда сыртка чыгып кетүү үчүн кошумча эшиктер коюлган.

«Караңгыдагы түшкү тамак»

Шахтерлор мурда бир сутка жер астында иштешсе, азыр бул убакыт 12 саатка кыскарган. Жумушчуларга шахтадан чыгуу үчүн да бир топ күч жана убакыт керектелгендиктен шахтанын ичинде эле тамактанып көнүшкөн. Саат 13:00дө баары бир жерге чогулуп түшкү тамакка отурушат.

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Алюминийден жасалган пловду ашпозчу көмүр чыгарган арабага салып, ылдыйга берип жиберген. Дастаркон болуп кызмат кылган ак каптын үстүнө жылуу тамак коюлуп, баары келген соң гана тамакка киришишет.

Түшкү тамак учурунда, шахтерлор ар кандай кызыктуу кептерден сөз кылып, бири-бирине жаңылык айтып, тамашалуу отурушат.

«Кызыган жумуш»

Тамактанып бүткөн соң, шахтерлор кайра жумушуна киришишет. Алар канчалык көп көмүр казса ошончолук көп акча табышат. Мисалы бир тонна көмүр казылса бир шахтер болжол менен 800 сом алат.

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Көмүр казгандан сырткары, жумушчулар шахтаны тиреп турган жыгачтарды да орнотушат. Бул коопсуздук үчүн, ошондой эле көмүрдүн рудаларын ары карай казуу үчүн да маанилүү.

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)
Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Кызыгы, караңгыга жана оор мээнетке карабай шахтерлор позитивдүү маанайда иштеп жатышты.

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Жумушчулардын кара көмүргө боелгон жүзүндөгү жылмаюу, региондордогу адамдардын карапайым көңүлү жана сабырдуулугунан кабар бергенсийт.

Шахтанын кире бериш жагында, казылып алынган көмүрлөр сыртка чыгарылат.

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)
Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Жумуш күнүнүн ичинде канча араба көмүр чыгарылганын эсептөө үчүн шахтер Абдурасил трубага жазып турат. Ал эми сырт жак менен байланышуунун бир жолу, кире бериште орнотулган телефон. Бул учурда сыртта күн ысып, күүгүмгө жакындап калат.

«Караңгыдан кийин»

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Шахтада иш кызуу жүрүп жатканда, сырттагылар көмүрдү алып чыгып, камаздарга жүктөп турушат. Көп билинбегени менен сыртта деле жумуш жеңил эмес. Шахтанын ичинен жалгыз гана айырмасы, таза абада иштешкендери.

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)
Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)
Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Кара күч менен казылып сыртка чыгарылган көмүрлөр, камазга жүктөлүп сатууга жөнөтүлөт.

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Шахтанын ичи эле эмес, айланасы да кызыктуу. Бул жерде жумушчулар чарчаганда, барып эс ала турган атайын бөлмөлөр бар.

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Ырчы Самара Каримова Баткенде абдан популярдуу болгондуктан, сүрөтү шахтерлордун бөлмөсүнөн да табылат.

«Үйгө жол»

Саат кечки 8. Шахтерлордун жер астындагы жумушу бүтүп, сыртка чыга турган убакыт. Узун иш күнү аяктаганда, Абдурасил баштаган шахтерлор сыртка чыгышат.

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Андан кийин кечки тамакты жеп бүтүшкөн соң, баары үйгө жол тартышат. Аларды компаниянын автобусу алып кетет.

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Үйгө бараткан жолдо, кабагын түйгөн шахтерду жолуктуруу кыйын. Баары, ар кандай кептерден сөз кылып отуруп, шаарга келишет. Ал эми автобустун ичи болсо, СССРге түшүп калгандай сезим берет. Үлбүрөп күйгөн жарык жана шахтерлордун көмүр аралашкан жүздөрү гана, алардын 12 саат иштеп чарчаганын көрсөтүп турат.

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Узун жумуш күнүнүн аягында, баары өз үйлөрүнө кетишет.

Шахтер. Кара тер менен табылган ак нан (Фоторепортаж)

Шахтерлор, эч жакка шашпай, позитивдүү жүргөн кызыктуу адамдар. Алардын башкы жеңиши, кара тер менен ак нан таап жатышкандары.

Автор: Гулиза Урустамбек кызы

Долбоор, MediaJasa проектинин алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун жардамы менен ишке ашырылды. Бул материалды ар кандай жана коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүүгө, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA менен «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты