Муфтияттын бухгалтери 100 миң доллар пара сунуштап кармалса, эми экс-муфтий кылмышка шектелүүдө

  • 3 года мурун

Экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушев кармалды. Ал мусулмандар дин башкармалыгындагы финансылык мыйзам бузууларга шектелүүдө.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин УКМК тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, айына пайыздык төлөмдөрдү алып, өздөрүнүн максаттарына жумшагандыгы аныкталган.

Ушул каржылык операциялар ачыкка чыккандан кийин, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашырганы жана кошумча тергөө иштерин токтотушу үчүн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.

2021-жылдын 9-февралында бул факты сотко чейинки өндүрүшкө кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси, өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ошол эле күнү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчиси Ж.Б. УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалган.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бүгүн, 10-февралда, Максатбек ажы Токтомушев муфтийлик кызматынан баш тарткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты