Төө куш чарбасын зоопаркка айланткан үй бүлө
- 3 года мурун
- Баяндар
.
Дамира
айымдын айтымында, жолдошу Кулбоосун «Төө куш баксаң өзүн актайт, киреше жакшы болот» дегендерди угуп, төө куш тууралуу болгон маалыматтарды окуп чыгып, 2002-жылы чакан ишкерлигин башташкан. Бул идеяны уккан айрым теле-теңтуштары «Кыргызстанга төө куш багуу ыңгайлуу эмес. Каяктагыны айтып атасың» деп шылдыңдап күлүшкөн.Төө куш мал бакканга караганда пайдалуу жана үнөмдүү. Мисалы, орточо эсеп менен алганда бир төө куш бир күндө 1 килограммдан ашык жем жана ошол эле өлчөмдөгү чөп жейт. Чөптү кесип, майдалап беришет. Андан сырткары, атайын витаминдерди беришет.
Африкалык төө куштун түсү күрөң-боз түстө, ал эми эркек канаты жана куйругу кара-ак. Буттарында 3-4 манжасы бар башка канаттуулардан айырмаланып, жаратылыш төө кушка эки манжасы бар кызыктуу буттарын тартуулаган. Ал үчүн кол-буттар транспорттук каражат гана эмес, коргоочу нерсе. Ар бир манжасында 10 сантиметрге жеткен узун тырмакты байкабай койгонго болбос.
Төө куш жөнүндө кызыктуу фактылар:
- Төө куштар — буттарында эки гана манжасы бар жападан жалгыз куш. Диаметри беш сантиметрге жеткен төө куштун көзү мээсинен чоңураак.
- Узун кирпиктери төө кушту күн нурларынан, чаңдан сактайт.
- Төө куштун жумурткасы 1,5 — 2 килограммды түзүп, 40 мүнөт кайнаганда араң бышат.
- Бир жумурткасынан ондон ашык порция омлет жасалат.
- Төө куштар дүйнөдөгү эң чоң куштар. Бул жандыктын бою 2,5 метрден ашып 5 метрге чейин жетет.
- Жөө чуркоодо бир кадамында төө куш үч метрден беш метрге чейин өтө алат. Алар 97 км/саат ылдамдыкта чуркай алат.
- Төө куштар 40-50 жылга чейин жашашат.
«Башында жумурткаларды салсак жөжө чыкпай, чыкса да өлүп, аябай капа болуп, эмгегибиздин баары текке кеттиби деп ойлогонбуз. Бирок бара-бара өздөштүрүп, ыгын биле баштагандан кийин көнүп кеттик«.
Ошондой эле, бул үй-бүлө Казакстанда 400 төө куш баккан ишкерди угуп, кеңеш сураганы ага да барып көрүшкөн. Ал ишкер «Эгер чоң ферма кылам десең төө куштун санын көбөйтүп, 50-60ка жеткиришиң керек» деген экен. Ал кезде кантип 50-60ка жеткирмек элек деп ойлошкон. Айтор, ар кайдан ыкманы колдонуп жатып, 2-3 жылдан кийин төө куштардын санын 60тан ашырышкан. Көбөйткөн менен төө куштун өзүн сатып алгандар аз. Анын үстүнө биздикилердин чөнтөгүнө туура келе бербейт. Мисалы, Түркияда бул жандыктын терисинен сумка, бут кийим чыгарыш үчүн ишкерлер кымбат баада сатып алат. Ал жакта төө куштун терисинен жасалган бут кийимдер 500 доллардан кем эмес. Ал эми Кыргызстан азыр антип тери иштетпейт да.
сомдон сатышат
«Төө куштун жумурткасы абдан даамдуу. Жумурткасын жегенге 3000 сомдон, жөжө чыгарганга 5000 сомдон сатабыз. Бир жумурткага 10-15 тей киши тоет. Эгерде үйдө киши аз болсо, анын башын кичине эле тешип, таякча менен ичин аралаштырып бир аз куюп алып, калганын муздаткычка коюп койсо тура берет. Аны сууга бышырса 2 сааттан кем эмес кайнатыш керек. Жумуртканын сырты да катуу болгондуктан, туристтер сыртын 500 сомдон сатып алып, сыртына сүрөт тартып, сувенир кылып сатышат же белекке бериш коюшат«, — дейт Дамира айым.
Ал эми төө куштун этинин даамы жылкыныкынан кем калышпайт. Анын этин кадимки эле жылкыныкындай пайдаланууга болот. Мисалы, жылкынын ичегисин алып төө куштун майы менен чучук жасаса да болот. Этинин баасы да кымбат. Мисалы, бир килограммы 3000 сомдун тегерегинде сатышат. Төө куштун жөжөсү 300 доллар, ал эми бир жаштагылары 1000 доллардан сатылат.
зоопаркка айландырышкан
— Биз төө куш бага баштаганда элдин баары кызыгып, кошуналардын балдары короодон секирип кирип көрүшчү. Алардан угуп башкалары да көргөнү келе баштады. Айтор, төө кушту көрүп келе бергендиктен чакан болсо да зоопарк ачып коюуну туура көрдүк.
Азыр биздин зоопаркта 20дан ашык жаныбарлар бар. Алардын баарын чет өлкөдөн алдыртабыз. Учурда Европадан алып келинген элик, аюу, төө, пони, фин тоок, коен, тоостор, корооздор, өзгөчө түрдөгү кой, кара түлкү, мандарин өрдөк, павлин сыяктуу жаныбарлар бар.
Акыркы жылдары биздин зоопаркка кызыгып келгендердин саны арбын. Баасын — 100 сомдон кылып койдук. Түшкөн каражатка жаныбарларга тамак-аш сатып алып, жаш баладай багабыз. Буюрса, ушул зоопаркыбыздын айланасын кооз кылып жасап алсак деген оюбуз бар.
«Бул жердеги жаныбарлардын баары бизге көнүп, бизди кадимкидей таанып алышкан. Мен аларга жем-чөбүн берип, алдын тазалап, айлана чөйрөнү таза кармаганга аракет кылам. Андан сыртканы, зоопаркка келген балдарды пониге мингизип ары-бери жетелейм» — дейт Абдулхамид.
Зоопарктагы айрым жаныбарлар
- Элик — Европадан алынып келинген. Мүйүзү жылда май айында түшүп, жашына жараша мүйүз кошула баштайт.
2. Аюу.
Аты Маша, 3 жашта. Кыргызстанга самолет менен алынып келинген. Машанын паспорту да бар.