Кызын аюунун капасына ыргытып жиберген аял дарыланууга мажбур болот   

  • 2 года мурун

Ташкент шаарынын зоопаркында кичинекей кызын аюунун капасына ыргытып жиберген аялды мажбурлап дарылатуу өтүнүчү менен сотко кайрылуу чечими кабыл алынды.

Бул тууралуу Өзбекстандын башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдинов билдирди.

«Комплекстүү соттук-психиатриалык жана психологиялык экспертизанын жыйынтыгында аял психикалык оору менен жабыркай турганы аныкталды. Анын мындай абалын тергөө маалында жана сотто объективдүү көрсөтмөлөрдү берүүгө жөндөмсүз болгону да кыйыр түрдө көрсөттү» деди басма сөз катчы.

Быйыл 28-январда Ташкент зоопаркында аял үч жаштагы кызын аюунун капасына ыргытып жиберген. Анда зоопарктын кызматкерлери аюу кыздын жанына келип, жыттап, андан соң кетип калганын айтышкан. «Кыз жаныбардын азуусунан эмес, дээрлик беш метр төмөн кулаганда жабыркаган» деп билдиришкен алар.

Кыздын апасына каршы кылмыш кодексинин «Атайылап киши өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Көп өтпөй кыздын 31 жаштагы апасы Ташкенттеги жогорку окуу жайлардын биринде окутуучу болуп иштей турганы белгилүү болгон. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал 2021-жылдын июль айынан бери психиатриалык диспансерде каттоодо турган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты