​Улукбек Марипов премьер-министр болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Бүгүн, 3-январда, Жогорку Кеңеш Улукбек Мариповду премьер-министрликке жактырган.

Артем Новиков биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалды жана мурда жүктөлгөн мидеттерди аткаруудан бошотулду.

Улукбек Кармышаков экономика жана финансы министри — вице-премьер-министр;

Жеңиш Асанкулов үкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси — министр;

Таалайбек Өмүралиев коргоо министри;

Руслан Казакбаев- тышкы иштер министри;

Асел Чынбаева — юстиция министри;

Алымкадыр Бейшеналиев — саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри;

Алмазбек Бейшеналиев — билим берүү жана илим министри;

Кайрат Иманалиев — маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Бообек Ажикеев -өзгөчө кырдаалдар министри;

Улан Ниязбеков — ички иштер министри;

Гүлмира Абдралиева -транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;

Кубанычбек Турдубаев -энергетика жана өнөр жай министри;

Аскарбек Жаныбеков — айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;

Камчыбек Ташиев — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты