Жогорку Кеңеш өкмөт курамын жана түзүмүн жактырды
- 3 года мурун
Бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңеш жыйынында премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталган Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы жактырылды.
Жыйын учурунда бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлүп, жаңы Өкмөттүн түзүмүнө, курамына байланышкан сунуштар берилди.
Кабыл алынган өкмөттүн жаңы курамы төмөндөгүчө:
Улукбек Марипов премьер-министр;
Артем Новиков — биринчи вице-премьер-министр;
Улукбек Кармышаков экономика жана финансы министри — вице-премьер-министр;
Жеңиш Асанкулов үкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси — министр;
Таалайбек Өмүралиев коргоо министри;
Руслан Казакбаев- тышкы иштер министри;
Асел Чынбаева — юстиция министри;
Алымкадыр Бейшеналиев — саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри;
Алмазбек Бейшеналиев — билим берүү жана илим министри;
Кайрат Иманалиев — маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Бообек Ажикеев -өзгөчө кырдаалдар министри;
Улан Ниязбеков — ички иштер министри;
Гүлмира Абдралиева -транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;
Кубанычбек Турдубаев -энергетика жана өнөр жай министри;
Аскарбек Жаныбеков — айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
Камчыбек Ташиев — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Талкуу учурунда өкмөттүн түзүмүнө сын-пикирлер айтылды.